• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жогорку Кеңеш "Элдик курултай жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун четке какты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Элдик курултай жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришкендей, мыйзам долбоорунун демилгечиси - Элдик Курултай.

Конституциялык мыйзам долбоору тууралуу маалыматты Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев берди.

Алсак, "Элдик курултай жөнүндө "Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КР конституциялык мыйзамынын долбоору КР Конституциясынын 7-беренесинин 1-2-бөлүгүндө Элдик курултайдын уюштурулушун жана ишин аныктоо; элдик курултайдын делегаттарынын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү; айрым беренелердеги карама-каршылыктарды жоюу; укуктук ченемдерди, стилистикалык жана грамматикалык эрежелерди сактоо менен тексттердин туура жазылышын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий