• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран чалгындоого жана казууга тыюу салды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 02.05.19 /Кабар/. Кыргызстандын аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салынды. Тийиштүү токтомду депутаттар бүгүн, 2-майда, кабыл алышты.

Маалым болгондой, бүгүн депутаттар Кыргызстандын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулду. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубат Боронов баштаган мамлекеттик органдар менен тиешелүү мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Экологияга кайсы бир деӊгээлде зыян келе турган болсо, экономикага ири пайда алып келсе дагы андай долбоорлор иштебеши керек. Мындай пикирин депутат Акылбек Жапаров талкуу учурунда билдирди.

«Коӊшу мамлекеттерден биздин айырмабыз – экологиябыз, туризм тармагыбыз жана каада-салтыбыз»,- дейт ал.

Ал эми тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспав уран кенин казууга буга чейинкилер дагы каршы болуп келишкенин айтып, ошол эле маалда инвесторлорду качырып жатабыз дейт.

Анын айтымында, башында катачылык кылып лицензия берип алып, анан ушундай натыйжага туш болуп жатабыз. Өз маалында Өкмөт дыкат карап чыгышы керек эле. Андыктан, бүгүнкү күндө аткаруу бийлиги чечкиндүү кадамдарга барышы керек.

«Мындай олуттуу маселе боюнча саясый чечим кабыл алынат»,- деген төрага Дастанбек Жумабеков кабыл алына турган Жогорку Кеӊештин токтом долбоорунда бүткүл республика боюнча уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салынаары белгиленгендигин билдирди.

Жыйын жүрүшүндө эл өкүлдөрү тарабынан токтом долбооруна радиациялык коопсуздуктун сакталышы боюнча тиешелүү лицензианттардын ишмердүүлүгүндөгү мыйзамдуулуктун сакталышын текшерүү, эл аралык уюмдар тарабынан буга чейин иштетилген уран кендерин реабилитациялоого багытталган иштердин сапатына көзөмөл жүргүзүү жана башка бир катар сунуштар берилди.

Иштетилген уран кендеринен калган калдык сактоочу жайларды рекультивациялоодогу айрым жагдайларды эске алуу жагы белгиленди.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуш-пикирлер укуктук-ченемдик актыларга туура келтирилип, эске алуу менен Жогорку Кеӊештин токтом долбоору негиз катары кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий