Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Эреже бузуулардын көп катталышы жол инспекторлору өз милдетин так аткарып жатканын айгинелейт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда жол эрежелерин бузуу фактылары көбөйдү. Бул эки факторго байланыштуу. Биринчиси өлкөдө унаалардын көбөйүшү, ал эми экинчиси жол инспекторлорунун ишмердүүлүгүнүн жакшырышы.
“Жол эрежесин бузуу фактылары 2023-жылга салыштырмалуу былтыр, 2024-жылы көп катталды. Бул унаанын көбөйүшү менен бирге жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлердин эреже бузуу фактыларын көбүрөөк аныктаганына байланыштуу болууда. Баса белгилеп айта кетүүчү жагдай, 2024-жылы өлкө аймагы боюнча одоно эреже бузган 104 миң 400 унаа айып короого киргизилип, аларга салынган айып пулдардан бюджетке 650 млн сомдон ашык каражат түшкөн”, - деди ал.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 8-мартынан тарта жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлгөн. Мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат.
Пикир
Оставить комментарий