• 87
  • 90.41
  • 0.84

ЖРТны тапшыруу үчүн абитуриент кандай эрежелерди билиши керек?

Билим 0

Бишкек, 20.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) 24, 25-майда жана 27, 28-майда өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Анын айтымында, быйыл жалпы республикалык тестке 47 миң 468 абитуриент катталды. Абитуриент кабарлоо баракчасында көрсөтүлгөн убакыттан кечикпей тест борборуна келиши керек. Тестке кирүү үчүн ал каттоодон өтүшү керек жана анын жанында төмөнкү документтер болушу керек:

- Тестке кирүү талону;
- Инсандыгын күбөлөндүргөн документ – паспорт же туургандыгы тууралуу күбөлүк. Быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрүнөн башка катышуучулар тестке паспорту жок келсе, алар тестке киргизилбейт.
- Көк же кара түстөгү жакшы жазган калем сап.

“Ар бир каттоодон өткөн абитуриент кабарлоо баракчасы менен бирге ЖРТга даярдануу боюнча акысыз колдонмолорду алат. Ал колдонмолордо тест боюнча бардык керектүү маалыматтар камтылган: тесттин эрежелери, катышуучулардын укуктары жана милдеттери, жүрүм-турум эрежелери, тесттин ар бир бөлүгү боюнча тапшырмалардын мисалдары жана башкалар болот. Бул колдонмолорду абитуриенттер мугалимдери же ата-энелери менен кунт коюп окуп чыгуусу керек. Тесттин эрежелерин сактоо – бардык катышуучуларга тестти бирдей шартта тапшырууга мүмкүндүк берет”, - дейт ал.

Батракеева тестте эмнелерге тыюу салынарына токтолду.

- тест өтүп жаткан учурда же танапис учурунда жанында уюлдук телефон, калькулятор, калькулятору бар саат, камера, фотоаппарат же башка электрондук нерселер же байланыш каражаттарды, эгерде алар иштебеген болсо да же катышуучу аны менен пайдалана турган болбосо да алып жүрүүгө;
- тесттик мезгил учурунда тест дептерлериндеги, жооп барактарындагы, черновиктердеги тест материалдарын сүрөткө тартып алууга же болбосо кандай жол менен болсо да көчүрүүгө, башка адамдарга берүүгө.

Белгилей кетсек, “Тесттин катышуучусунун жүрүм-турум эрежелери менен” кененирээк “ЖРТга даярданабыз китепчесинен” же www.testing.kg сайтынан таанышууга мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий