• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЕАЭБ форумунда кыргыз-казак чек арасындагы жүктөрдү текшерүү маселесин көтөрүү пландалууда

ЕАЭБ 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Евразиялык экономикалык форумдун алкагында Кыргызстандын Казакстан менен чек арасындагы жүктөрүн текшерүү маселеси көтөрүлөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, бул маселе бир канча жолу көтөрүлгөн.

“Бирок, жүк ташуучулар тарабынан жүктү документи жок же туура эмес документтер менен алып өткөн фактылар бар. Буга байланыштуу текшерүү күчөтүлдү. Өз кезегинде, документи жайында болсо жүк эч кандай маселесиз өткөрүлүүдө”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Евразиялык экономикалык форум Бишкекте 26-майда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий