• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Жумгалда "арашан" породасындагы койлорду жасалма уруктандыруу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Жумгал районундагы «Таасымбек-Калыс» дыйкан чарбасында Арашан породасындагы койлорду жасалма жол менен уруктандыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, райондук агрардык өнүктүрүү башкамалыгынын жардамы менен чарбага атайын аппараттар алынып, учурда иш кызуу жүрүүдө.

Белгиленгендей, жасалма уруктандыруу малдын генетикалык потенциалын жакшыртууга, анын асылдуулугун арттырууга, эт продукциясынын сапатын жогорулатууга жана оорулардын жайылуу коркунучун алдын алууга багытталган негизги технологиялардын бири болуп саналат.

Жасалма уруктандыруунун жыйынтыгында учурда аталган фермердик чарбадагы эң салмактуу мал 200 килограммдан ашса, 1,5 жылдык кочкор 170 килограммга жетип, Орто Азиядагы эң салмактуу кочкор катары таанылган.

Ал эми алардын баалары болжолдуу 15-20 миң АКШ долларына чейин бааланат.

Пикир

Оставить комментарий