• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таластын төрт районундагы спорт залдарга олимпиадалык стандарттагы күрөш килемдери берилди

Аймак 0

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Талас облусунун төрт районундагы спорт залдарга олимпиадалык стандарттагы күрөш килемдери берилди. Бул тууралуу “Альянс Алтын” компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Кынатбек Сарчаев билдирди.

Күрөш килемдерин “Альянс Алтын” компаниясы Улуттук олимпиада комитети менен биргеликте тапшырды. Буга чейин аталган компания Улуттук олимпиада комитети менен келишим түзүп, ага ылайык Талас облусундагы спорттук иш-чараларга, спорт имараттарын оңдоо иштерине, спортчуларга демөөрчүлүк кылып келет.

Улуттук олимпиада комитетинин өкүлү Марат Аскарбеков компаниянын мындай колдоосу Талас облусундагы жаш муундун спорт менен жакын болушуна жакшы жардам болгонун баса белгилеп, колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Күрөш килемдери тапшырылган ар бир залда 100гө жакын жаш спортчулар тарбияланып келет.

Пикир

Оставить комментарий