• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчилиги эл менен жолугушууда

Аймак 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан облус аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана жарандардын арыз-даттануулары менен жеринде таанышуу максатында эл менен жолугушуулар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жетекчилик милициянын көчмө кабылдама унаасы менен райондорду кыдырып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү маселелерин угушууда.

Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча орун басары милициянын полковниги Алмаз Кудайбердиев Базар-Коргон РИИБдин начальниги милициянын полковниги Медербек Муратов менен биреликте милициянын көчмө кабылдама унаасында жергиликтүү тургундардын сунуштарын укту.

Алар жарандар менен маектешип, суроолоруна жооп беришип, милиция менен элдин ортосунда жаралган маселелерди талкуулашты. Район тургундары кайсы аймакта болбосун милициянын көчмө кабылдама унаасындагы кызматкерлерге арыздарын калтырууга болоору белгиленди. Кабыл алынган арыз-даттануулар тиешелүү тараптарга жөнөтүлүп, милиция тиешелүү билдирүүлөргө ыкчам чараларды көрөрү айтылды.

Ал эми Кербен шаарынын тургундары менен Жалал Абад ОИИБдин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары милициянын полковниги Кеңешбек Рахманов менен Аксы РИИБдин начальниги милициянын полковниги Айылчы Мырзамамытов жолугушту. Алар жергиликтүү тургундардын сунуштарын кабыл алышып, укук бузуулардын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин алып барышты.

Кеңешбек Рахманов андан ары Ала-Бука РИИБдин начальниги милициянын полковниги Райымбек Сулайманов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ызар жана Балтагулов айыл өкмөттөрүндө эл менен жолугушту.

Жарандар тарабынан берилген сунуштар милициянын көчмө кабылдама унаасында кабыл алынып, профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Суу кырсыктарынан жана коронавирустан сактануу керектиги эскертилип, жаш өспүрүмдөрдү тынымсыз көзөмөлдөө зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий