• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жыл башынан бери Ысык-Көл облусуна 13 миңге жакын "акылдуу эсептегич" орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 12 миң 713 "акылдуу эсептегич" орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ысык-Көл электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, дебитордук карыздарды азайтуу, ошондой эле электр энергиясы үчүн төлөмдөрдүн ачык-айкындуулук принциптерин киргизүү максатында "акылдуу эсептегичтерди" орнотуу иштерин улантууда.

Эскерте кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоордун 1 этабынын алкагында 2022-жылы 19 миң 690 "акылдуу эсептегич" орнотулса, 2023-жылы 17 миң 704 эсептегич орнотулган.

Бүгүнкү күндө “КУЭТ” ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактары ишканасы 129 миң 641 кардарды электр жарыгы менен камсыз кылат. Анын ичинен 55 миң 606 кардар "акылдуу эсептегич" колдонот.

"Акылдуу эсептегичтерди" орнотуу менен абоненттерди тынчсыздандырбай эсептегичтин маалыматтарын аралыктан алуу, аралыктан өчүрүү жана күйгүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Энергетика тармагындагы мындай жаңылануу кадамдары эң алгач сарамжалдуулукту жана үнөмдөөнү камсыздап, кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий