• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын облустук милициясы тарабынан майыптыгы бар жаранга жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-февраль күнү Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Нарын облустук ички иштер башккрмалыгынын начальниги Алмазбек Жумабеков Нарын шаарынын тургуну 1-топтогу майып 1995-жылы туулган Б.А.га жардам катары үйүнө 1 тоннага жакын көмүр түшүрүп берди.

Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, өздүк курам жогорудагы жаран Б.А.га көп жылдардан бери ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.

Өз кезегинде Алмазбек Жумабеков ага ден соолук каалап, кыштан аман-эсен жылуу чыгууну каалап, кандай гана жардам болбосун даяр экендигин баса белгилеп өттү.

Майыптыгы бар Б.А.нын апасы милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берди.

Белгилей кетсек, бул жаран майыптыгы бар экенине карабастан чыгармачылыкка аралашып, ырдап, көптөгөн иш-чараларга катышып, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, алдыңкы орундарды камсыз кылып келет.

Пикир

Оставить комментарий