• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда жарандарга акысыз юридикалык кеңештер берилди

Аймак 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад шаарындагы "Мир" кинотеатрынын алдында "Менин конституциялык укуктарым" аталышында акция өтүп, анда жарандарга акысыз юридикалык кеңештер берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чаранын алкагында жарандардын укуктары жана милдеттери, соттук жана соттон сырткаркы тартипте укуктарды ишке ашыруу жана колдонуу ыкмалары тууралуу маалымат берилип, укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардам берүү кызматтары бар экени маалымдалды.

Акысыз юридикалык жардам алууга келгендер пенсия, жөлөк пул алуу, жер тилкелерин берүү, юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу, мурас жана алимент маселелери боюнча берилген суроолоруна жооп алышты.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара министрлер кабинетинин токтомуна ылайык уюштурулуп, жыл сайын жарандарга акысыз юридикалык жардам берүү акциясы өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий