Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министри Улан Ниязбеков аппараттык онлайн-кеңешме өткөрдү.
Ведомсводон маалымдашкандай, анда негизги тема катары кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын күчөтүү жана коомго кедергисин тийгизген факторлорго бөгөт коюу, кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери каралды.
ИИМ жетекчиси өз сөзүндө, өлкөнүн бардык аймактарында коомдук-саясий кырдаал туруктуу экендигин, жакында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде коомдук тартипти камсыз кылышканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал элдин бейпилдигин бузууга аракет кылып, коомдук тартипти бузууга аркет кылгандар кти болсо дагы жазасын аларын эскертти.
"Ошондой эле 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамын жана "Улуттук планды" коомчулукка дагы бир ирээт жеткирип, баардык көрсөтүлгөн талаптарды биргелешип аткаруу жаатында иш-чараларды күчөтүңүздөр. Бүгүнкү күндө ички иштер органдарына жакшы шарттар түзүлдү. Тиешелүү материалдык-техникалык каражаттар жана керектүү камсыздоолор ишке ашырылып келүүдө. Ошол түзүлгөн шарттардын натыйжасын сураганга да убакыт жакындап калды. Жылдын жыйынтыгы менен боло турган коллегияда ар бир жетекчинин ишмердигин дыкат карап, жекече баа беребиз.
Жөн эле убакытты текке кетирип, пайдалуу иш жасабаган жетекчилер менен биротоло коштошобуз. Андыктан, жүктөлгөн милдеттердин баарын так жана туура аткарып, элибиздин коопсуздугун камсыздоону жакшыртууну боюнча иш алып барыңыздар", - деди Улан Ниязбеков.
Пикир
Оставить комментарий