Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. “Жыргалаң” санаторийинин бюджети 2022-жылга салыштырмалуу 1060% өсүп, 2024-жылы 11 айда 81 миллион сомго жетти. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
«Жыргалаң» санаторийи – Кыргызстандын сыймыгы, дарылануу менен эс алууну айкалыштырган мекеме. Көп жылдар бою унутта калган, эскилиги жеткен санаторий учурда кайра жаралуунун үлгүсүн көрсөтүүдө.
2023-жылдын март айында «Жыргалаң» санаторийи президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөндөн кийин, бир жылдын ичинде чоң иштер аткарылды. Санаторийдин аймагы толугу менен жаңыланып, заманбап имараттар жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Аткарылган негизги иштер:
• Бир бөлмөлүү 28 коттедж жана эки бөлмөлүү 9 коттедж курулду.
• Үч кабаттуу 4 имарат салынып, заманбап эмеректер жана техникалары менен жабдылды.
• Санаторийде бир учурда 328 эс алуучуну кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
• 2000 түп роза гүлү, Тянь-Шань карагайлары жана декоративдүү туя бактары отургузулду.
• Санаторийдин аймагында балдар жана чоңдор үчүн беш бассейн ачылып,таза суу менен камсыздалды.
• Санаторий толугу менен жарыктандырылып, чырактар орнотулду.
• Балдар үчүн ойноо аянтчалары жана эс алуучулардын маанайын көтөрүү үчүн кооз фонтан жасалды.
• Жүк ташуучу жана тейлөө кызматтарын жакшыртуу үчүн велосипеддер жана электромотороллерлер сатып алынды.
• Мурда санаторийде байланыш сигналы жок болчу. Азыркы тапта Нуртелеком, Мегаком жана башка байланыш операторлорунун жыштык таратуучу станциялары орнотулуп, байланыш кызматы жакшыртылган.
Экономикалык өсүш жана бюджет:
Санаторийдин бюджети 2022-жылга карата 6,982 млн сомго аткарылган. Ал эми, 2024-жылдын 11-айында аткарылган бюджет 81 миллион сомду түзүп, санаторийдин финансылык абалынын дагы бир көрсөткүчү болуп калды.
Жаңы пландар жана курулуштар:
2024-жылдын башында «Жыргалаң» санаторийинде дагы бир нече маанилүү долбоорлор ишке ашырылат. Алсак, жакын арада 400 орундук жаңы ашкана жана медициналык корпустун курулушу пландалууда. Бул курулуштар эс алуучулардын санынын көбөйүшүнө жана санаторийдин ден-соолукка арналган кызматтардын сапатынын арттырышына шарт түзөт.
Пикир
Оставить комментарий