Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Бишкекте 19-нан 25-мартка чейинки аралыкта 57 кылмыш жана жорук аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- каракчылык - 1;
- тоноо - 3;
- уурдоо - 2;
- ээнбаштык - 18;
- зордуктоо - 2;
- үй-бүлөлүк зомбулук - 19;
- жана башка кылмыш жана жооруктар 12 .
Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, бир жума аралыгында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматынан 1 миң 448 чалуу түшүп, алар ыкчам жана сапатуу тейленген.
Пикир
Оставить комментарий