• 87
  • 90.41
  • 0.84

Зыян 3,3 млн сом. Өткөн жылы токойду мыйзамсыз кыюулар боюнча 201 факты катталды

Коом 0

Бишкек, 17.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2021-жылдын жыйынтыгы менен токой коргоо кызматкерлери тарабынан түзүлгөн актылардын жана протоколдорунун негизинде жалпы 358 мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекетке келтирилген жалпы зыяндын өлчөмү 9 млн 611,2 миң сомду түзгөн.

“Анын ичинен токойду мыйзамсыз кыюу боюнча 201 факты катталып, келтирилген зыяндын өлчөмү 3 млн 376 миң сомду түзүп, мыйзамсыз кыйылган бак-дарактардын саны 2271 түптү түзгөн. Малды уруксатсыз жоюу боюнча 19 факты катталып, 268 баш малдан келтирилген зыян 156 миң сомду чапчыйт. Жер кыртышын бузуу боюнча 93 факты, зыян 5 млн 727,6 миң сом болсо, башка мыйзам бузуулар боюнча 43 факты болуп, зыян 340,3 миң сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта.

Жалпы 9 млн 611,2 миң сомдук 358 иш материалдын ичинен укук коргоо органдарына 2 млн 801 миң сомдук 101 материал өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий