• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте 15 жашар кыз дайынсыз жоголду

Коом 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Бишкекте 15 жашар кыз дайынсыз жоголду, - деп билдирет Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.

Биринчи май райондук ИИБси дайынсыз жоголгон 2003-жылкы Турдубаева Диана Асылбековнаны издейт. Ал үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда болжол менен саат 12:00дө “Жеңиш” жаңы конушунда жайгашкан дүкөндөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160 см, арык дене түзүлүштөгү, чачы кара, узун.

Кийимдери: мезгилге жараша, ак футболка, көк жинсы, бутунда кызыл түстөгү жайкы бут кийим.

Турдубаева Диананын кайда экенин билгендер болсо, Биринчи май райондук ИИБге төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: (0312) 56-82-60, (0550) 102-170, (0555) 66-56-53, (0550) 102-486, (0701) 411-979.

Пикир

Оставить комментарий