• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Арча-Бешик конушуна “Тазалыктын” унаалары менен суу ташып келинүүдө

Коом 0


Бишкек, 08.06.23./Нурзат Жумалиева - Кабар/. Бишкекте мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин төрагалыгы алдында шаардыктарды ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги кеңейтилген жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга райондордун акимдери, шаардык чарба департаментинин, "Бишкексууканал" башкармалыгынын, "Бишкекжашылчарба", "Бишкексуучарба", "Тазалык" муниципалдык ишканаларынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Бишкек шаардык милициясынын өкүлдөрү катышты.

Шаардык кызматтардын маалыматы боюнча, Киргизия конушунда жана №10 кичирайонунда таза суу боюнча абал турукташты. Арча-Бешик конушунун тургундарын суу менен камсыз кылуу үчүн "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан суу ташуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошол эле учурда Айылчиев көчөсүн бойлой Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл баатыр көчөсүнө чейин узундугу 1000 погон метрди түзгөн суу түтүгүнүн курулушу аяктап жатат.

Мэрдин орун басары суу берүүнү көзөмөлгө алууну “Бишкексууканал” башкармалыгына тапшырды.

Кошумчалай кетсек, суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан 7 суу топтомуна Чоң-Алыш каналы аркылуу секундасына 550-600 литр өлөмүндөгү суу берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий