• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Билим берүү министри педагогдорду ата-энелер менен тыгыз иштешүүгө чакырды

Билим 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жумушчу сапары менен Ош облусунда болду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумушчу сапарынын алкагында министр шаардык жана райондук билим берүү өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Ш. Козубаев жана райондун акимдери жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.

Анда министр билим берүүнүн сапатына көңүл бурууга жана ата-энелер менен иштешип, окуучуларга бир багытта билим жана тарбия берүүгө чакырды.

Ошондой эле Билим берүү министрлиги тарабынан жасалып жаткан иштер айтылып, алдыдагы пландар белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий