• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэри Жунушалиев шайлоо боюнча шаардык штабдын жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарында Биринчи май, Свердлов райондук участкалык шайлоо комиссияларына, 2022-жылдын 27-февралына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, шаардык кызматтардын жана муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле көрсөтүлгөн бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер катышты.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашырууга байланышкан маселелер талкууланды.

Депутаттыкка талапкерлер шаардык кызматтардын жана Бишкек шаарынын райондук муниципалдык администрацияларынын шайлоо процессине көмөк көрсөтүү боюнча ишин жакшыртуу боюнча өз сунуштарын жана сын-пикирлерин айтышты.

Бишкек шаарынын мэри кызматтарга көмөк көрсөтүүнү тапшырды. Шайлоону ачык-айкын өткөрүүдө райондордун акимдерине жарандар арасында добуш берүүгө милдеттүү түрдө катышуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Муниципалитеттин башчысы ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, ошондой эле бюджеттик уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлеринин шайлоого кийлигишүүсүн кескин түрдө алдын алуусун эскертти.

Пикир

Оставить комментарий