• 87.9
  • 95.55
  • 0.99

Бишкектеги “Баткенге жардам” республикалык штабында 1,5-2 миң ыктыярчы иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 17.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосундагы күнү-түнү иштеген “Баткенге жардам” республикалык штабында 1,5-2 миң ыктыярчы иштөөдө. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.

Анын айтымында, “Баткенге жардам” республикалык штабынын иштегенине эки күн болду.

“Штабдын максаты — Бишкектен гуманитардык жардамды Баткенге жөнөтүү. Мындай штаб Баткен облусундагы дагы иштеп жатат. Биздин штабда “1227” кыска номери иштөөдө. Кайрылган жарандарыбыздын чалууларын 20 кызматкер кабыл алып, учурда Баткенге эмне керектиги тууралуу маалымат берүүдө. Мындан сырткары, унаалуу ыктыярчыларыбыз бар, алар гумжардамды алып келе албаган шаар тургундарынын үйлөрүнө барып, өздөрү алып келишүүдө. Штабда 1,5-2 миң ыкчыярчы жардам көрсөтүүдө”, - дейт ал.

Надырбеков республикалык штабда тастыкталган маалыматтарды таратуу боюнча иштер аткарылып жатканын кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий