• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги үч адамдын өлүмү. Шектүү эки айга камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.02.23./Кабар/. Бишкектеги үч адамдын өлүмүнө шектелген жаран эки айга камалды.

Соттун маалымат кызматы билдиргендей, Свердлов райондук сотунун чечимине ылайык, ал 16-апрелге чейин 1-тергөө абагында болот.

Эскерте кетсек,16-февраль күнү түндө Бишкектеги батирлердин биринен апасы, кызы жана уулунун сөөгү табылган. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган А.Ч.К. аттуу жаранды кармашкан.

Пикир

Оставить комментарий