Кирүү акысыз. Беш күнгө созулган салттуу музыка жумалыгынын программасы

Маданият 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Эртең, 20-апрелде, Бишкекте салттуу музыка жумалыгы башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Салттуу музыка жумалыгынын программасы:
20-апрель:

- Саат 10:00-18:00дө жумалык салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жөө жүрүшү менен башталат;
Уркуя Салиева атындагы эс алуу жайында “Улут наркы” көргөзмө-жарманкеси;

- Саат 10:30-11:00дө Уркуя Салиева атындагы эс алуу жайында аспапчы усталардын мастер-класс, конкурсунун ачылышы.

- Саат 11:30-17:30дө Улуттук тарых музейинде IX Эл аралык музыка жана бий конгрессинин ачылышы.

21-апрель:
- Саат 10:00-17:30дө “Дастан” күнү;
- Саат 11:00-12:00дө IX Эл аралык музыка жана бий конгрессинин 2-күнү;
- Саат 13:00-17:30дө Улуттук тарых музейинде КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев жана анын шакирттеринин “Ата-бабадан мурас - акындык өнөр” аттуу иш-чарасы.
- Саат 18:00-20:00дө И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында Эл аралык илимий-практикалык конференция: “Психосоматикалык медицина жана психология. Психосоматикадагы искусство синкретизми”;
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багыты боюнча Кыргыз мамлекеттик “Манас” театрынын концерти.

22-апрель:
- Саат 09:30-17:30дө “Күү” күнү;
- Саат 11:00-12:00дө Улуттук тарых музейинде IX Эл аралык музыка жана бий конгрессинин 3-күнү;
- Саат 18:30-20:00дө Улуттук тарых музейинде КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, комузчу Саадабай Шабдановдун “Комуз чертүүдөгү кол ойнотуулар жана шилтемдер” аттуу мастер-классы;
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында К.Иманалиевдин “Коркут ата” драмасы.

23-апрель:
-Саат 12:00-13:00дө “Ыр” күнү;
-Саат 13:00-15:00дө А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Кыргызстан, Казахстан, Өзбекстан, Түркия, Россия Федерациясынан келген (Тува, Алтай, Хакасия ) салттуу музыкалык искусствосун алып жүргөн өнөр ээлеринин мастер-класстары;
-Саат 18:00-20:00дө А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында салттуу музыкалык искусствонун окуу жайларда окутулушу (Жогорку жана орто билим берүүчү кесиптик окуу жайлардын катышуусунда) боюнча тегерек стол;
Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залында музыкалык окуу жайлардын отчеттук концерти (К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, М.Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы, Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы, Ниязалы Борошов атындагы Ош мамлекеттик окуу жайы, Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик окуу жайы).

24-апрель:
-Саат 14:00-17:00дө жумалыктын алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден келген катышуучуларына Улуттук тарых музейи жана Ч.Айтматовдун үй музейине экскурсия.

25-апрель:
- Саат 18:00-20:00дө “Салттуу музыка күнү” жумалыктын жабылышы;
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салттуу музыкалык искусствону алып жүрүүчү ишмерлердин гала-концерти. Концертке Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Россия Федерациясы (Тува, Алтай, Хакасия өлкөлөрү) ж.б. өлкөлөрдөн келген өнөр ээлери катышат.

Бардык иш-чараларга кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий