• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

КР ИИМ башчысынын биринчи орун басары Сеулдун коопсуз шаар тутуму менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 21.10.23./Кабар/. Кореянын борбору Сеул шаарында дүйнөлүк укук коргоо тармагындагы эң маанилүү иш-чарасы – укук коргоо органдарынын мыкты өкүлдөрүнүн башын бириктирген Эл аралык полиция саммити өтүүдө. Ага ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов башта болгон ИИМдин өкүлдөрү катышты.

КР ИИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кызматташууну чыңдоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана биргеликте коопсуздукту күчөтүү маселелери талкууланды.

КР ички иштер министрлигинен келген өкүлдөргө брифинг өткөрүлүп, Сеул шаарынын коопсуз шаар тутуму тааныштырылды.

Ошондой эле Сеул шаардык полициясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, санариптештирүү алкагында иштердин жүрүүсүн, “112” кызматынын иштеши, унаа көзөмөлдөө борборунун ишмердүүлүктөрү менен таанышышты.

Пикир

Оставить комментарий