• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу« КР мыйзамына кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 14-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты анын нормаларын «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат.

Мыйзамдын 2-беренесине ылайык, ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий