• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда үч тилде билим берүүнү киргизүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 22.12.22./Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева өлкөдө үч тилдүү билим берүү системасын киргизүүнү сунуштады.

Эл өкүлү бүгүн парламенттин жыйынында кайрылуу жасап, кыргыз, орус жана англис тилдеринде окутуу сунушун киргизди.

Анын айтымында, өлкөнүн келечеги үчүн бүгүндөн тарта англис тилинде сабактарды киргизүү зарыл.

“Англис тили – бул илим жана технологиялардын тили. Албетте, реформага каражат керектелет. Бирок биз баштасак, эл аралык коомчулук жардам берет. Бул системага өтүү үчүн көп убакыт талап кылынат”, - деди ал.

Депутат белгилегендей, үч тилдүү билим берүүнү ЖОЖдордо, өзгөчө техникалык факультеттерде пилоттук негизде киргизүү керек.

Анын айтымында, Билим берүү министрлигине бул маселе боюнча ишти баштоону тапшыруу керек.

Пикир

Оставить комментарий