• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандык самбочулар Еревандагы Дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 11.11.23./Кабар/. Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Саяк Бараканов жана Бекболот Токтогонов Дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Биринчилик Армениянын Ереван шаарында өттү.

Саяк Бараканов 64 кг чейинки салмакта спорттук самбо боюнча катышып, алгач 1/8 финалдык беттеште франциялык спортчуну утса, 1/4 финалдык беттеште тажикстандык балбанды жеңген. Жарым финалдык беттеште армениялык балбанга утулуп калды.

Ал эми +98 кг салмак ченинде катышкан Бекболот Токтогонов спорттук самбо боюнча алгач 1/8 финалдык беттеште армениялык балбанды уткан.

Чейрек финалда камерундук спортчуну жеңди. Жарым финалдык беттеште румыниялык балбанга жеңилди. Коло медаль үчүн беттеште грузиялык спортчуну жеңип, жыйынтыгында 3-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, буга чейин 64 кг чейинки салмакта Белек Бараканов спорттук самбо боюнча Дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий