• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жеңил атлетика, шахмат жана стол тенниси. Бишкекте пенсионерлер арасында спартакиада өттү

Коом 0

Бишкек, 11.11.23./Кабар/. Бишкекте улгайган жарандар арасында спорттун үч түрү боюнча спартакиада өттү, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.

Алсак, Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакчада жеңил атлетикалык жарышы өттү.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча орундар ушундай бөлүштүрүлдү:

Эркектер арасында:

  • Трифанов О – 1-орун;
  • Баитов А. – 2-орун;
  • Стамалиев Т. – 3-орун.

Аялдар арасында:

  • Аракеева Т – 1-орун;
  • Осмонкулова М. – 2-орун;
  • Бейшекеева Н. – 3-орун.

Өз кезегинде спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде стол тенниси боюнча турнир өткөрүлдү.

Байгелүү орундар ээледи:

Эркектер арасында:

  • Дыйканбаев Р. – 1-орун;
  • Белеков С. – 2-орун;
  • Мамбетов М. – 3-орун.

Аялдар арасында:

  • Супатаева Ж – 1-орун;
  • Жумабаева Ч. – 2-орун;
  • Жумабаева М. – 3-орун.

Ошондой эле балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде шахмат боюнча турнир өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды:

Эркектер арасында:

  • Абдыраимов Смаил – 1-орун;
  • Жансаков Муратбек – 2-орун;
  • Лазарев Олег – 3-орун.

Аялдар арасында:

  • Табалдиева Гүлмира – 1-орун;
  • Хромцова Людмила – 2-орун;
  • Борисова Махабат – 3-орун.

Бул иш-чаранын максаты улгайган адамдар арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана спорттун интеллектуалдык түрлөрүн өнүктүрүү болуп саналат.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана Кыргызстандын пенсионерлер партиясы уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий