• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Президент мамбашкаруу процессинде колдонулган жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү

Курултай 0


Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Президенти Садыр Жапаров бүгүн экинчи Элдик курултайда делегаттарга реалдуу убакытта мамлекеттик башкаруу процессинде колдонулуп жаткан жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.

Мамлекет башчысы бул технологиялар экономиканын ар түрдүү тармактарына реалдуу убакыт режиминде мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө делегаттарга "Кумтөр" кениндеги жана энергетикалык объектилердеги учурдагы иштин жүрүшү көрсөтүлдү. Өткөрүү пункттарынын жана салык системасынын иши да экранда көрүнүп турду.

Садыр Жапаров өлкөдө коопсуз шаар камералары дагы иштеп жатканын, анын аркасында укук коргоо органдарынын иши жакшырганын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы буга чейин мындай ачык жана ыкчам маалымат дүйнөнүн каалаган бурчунда камераларды мобилдик телефондо же планшетте тиркеме аркылуу көрүүгө мүмкүндүк берген эмес деп канааттануу менен белгиледи. Айта кетчү нерсе, камералар суткасына 24 саат, жумасына 7 күн жаздырат, видео сакталгандан кийин, каалаган убакта видео архивди талап кылса болот.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий