• 84.8
  • 95.61
  • 1.14

Ысык-Көлгө бир келген адам сөзсүз кайра келет

ТАГДЫР 0

Сыртта жай, күн ысык. Демек, жайкы эс алууга убакыт келип жетти. Жайдын мындай аптаптуу ысык аба ырайында бир гана Ысык-Көлдүн салкын абасы, таза жана муздак суусу жардамга келет эмеспи. Ошондуктан мүмкүнчүлүк болору менен бардыгыбыз шаарды таштап, Ысык-Көлгө кеткенге аракет кылабыз. Ал ортодо көлгө чет жактан да туристтердин агымы келе баштаган кез. Учурда Ысык-Көлдө туристтик мезгил кандай өтүп жатат, эс алуучулар көппү же азбы деген суроо менен көп жылдар бою КР жарандарын жана чет элден келген эс алуучуларга өз кызматтарын сунуштап, Кыргызстандын кереметтүү кооз жерлерин көрсөтүп келе жаткан “Mixtourkg” туристтик компаниясынын жетекчиси Адыл Максидовду кепке тарттык.

-Саламатсызбы, учурда Ысык-Көлдө эс алуучулардын саны көп болсо керек?

-Саламатсызбы. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл азыраак. Себеби аба ырайы да өз таасирин тийгизип койду окшойт. Жай аябай эле жаанчыл болду го (күлүп). Учурда эс алуучулар акырындан келе башташты. Дем алыш күндөрү 1-2 күнгө келип кеткен шаар (Бишкек) тургундары да жок эмес.

-Быйылкы сезон өзү кандай башталды?

-Негизи жайкы мезгилге жергиликтүү тургундар май айынан тарта эле камынып башташат. Ал эми жайкы сезон 20-июндан баштап толук башталат десем болот. Бул жакта ишкердик кылган ар бир адам жылда жакшы камылгасын көрүп, аракетин кыла баштайт. Бирок быйыл былтыркыга салыштырмалуу туристтер аз...

-Негизи кайсыл жактан келген эс алуучулар басымдуулук кылат?

-Ысык-Көлгө бир келген адам сөзсүз түрдө кайра келет. Өзүңүздөр билгендей, абасы салкын, суусу таза. Эс алуучулардын көбүнчөсү Казакстан менен Россиядан келгендер. Алар келип 3-4 күн эле эс алып кетип калышпайт. Айрымдары дээрлик 1 айга чейин жүрүшөт. Эс алуу менен биргеликте ден соолуктарын да чыңдап кайтышат. Быйыл Өзбекстандан да келе башташты. Бул албетте жакшы көрүнүш деп ойлойм.

-Анда туристтердин саны көбөйүп жаткан турбайбы э?

-Былтыркы менен быйылкы жылдын айырмасы сөзсүз түрдө болот. Биринчи жыл экинчисине таптакыр окшошпойт. Жеке менин оюмча чет жактан келген эс алуучулардын саны азайып бараткандай. Анткени башка өлкөлөр туристтер үчүн ар кандай ыңгайлуу шарттарды түзүп, баасын арзандатып койгондуктан, башка жактарга кеткендердин саны өсүүдө. Бул бизге эс алуучулар үчүн жакшы шарттарды түзүү керектигинен кабар берет. Себеби Ысык-Көлдү мамлекеттик деңгээлде көп жарнама кылышпайт, башкача айтканда, атайын ошол багыт боюнча иш алып барган пиар компаниялар аз. Албетте, жылда келген туристтер сөзсүз келет, бирок жаңылары аз.

-Сиздин компания туристтер үчүн кандай кызматтарды көрсөтөт?

-Мен өзү бул тармакта 10 жылдан ашун убакыттан бери иштейм. Биздин туристтик компания туристтерди аэропорттон тосуп алып, аларга кереметтүү Ысык-Көлдүн тегерегиндеги кооз жерлерди көрсөтүү менен алектенет. Баса, ар кандай экскурсияларды да уюштурабыз. Мисалга, Григорьевка капчыгайына алып барып, Кыргызстандын кооз жаратылышы менен тааныштырабыз. Биздин гид аларга жол бою Кыргызстан, Ысык-Көл тууралуу кызыктуу окуяларды айтып берип, кыргыздын маданияты, салты менен тааныштырат. Капчыгайга жеткенде туристтердин таң калганын айтпай эле коюңуз (күлүп). Аларга биздин жаратылыш, абабыз, суубуз, асман тиреген бийик тоолорубуз абдан жагат.

-Демек, эс алуучулар үчүн жакшы шарттарды түзүүгө убакыт келип жетти...

-Ооба, алар үчүн жакшы шарттарды түзүүгө ар бирибиз аракет кылышыбыз керек. Ошондо биз Кыргызстандын туристтик потенциалын жогорулатууга да өз салымыбызды кошобуз деп ойлойм. Албетте, бул жакка келген ар бир адам өзүнүн капчыгына жараша эс алса болот. Шарттар бар, жок деп айта албайм. Бирок аны өнүктүрүүнүн үстүндө иштеш керек. Мисал катары айта турган болсом – сүт азыктары, жер-жемиштер. Булардын бардыгы экологиялык жактан таза, нукура азыктар. Буларга туристтер абдан кызыгышат. Анан калса абасы таза, салкын, суусу таза.

Менимче, эң эле оболу коопсуздук маселесин көзөмөлдөшүбүз керек. Анткени, бул жакта жүргөн чет элдик эс алуучулар өздөрүн эркин сезүүлөрү керек. Ар кандай майда нерселер аларга өзүнүн терс таасирин тийгизип коюшу толук ыктымал.

Маектешкен Нурсулуу Нуркамилова

"Кабар"

Пикир

Оставить комментарий