Бишкек, 21.06.18. /Кабар/. 22-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12... 17, күндүз 30...35,
Баткен облусунда түнкүсүн 13... 18, күндүз 30...35,
Талас облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,
Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,
Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 30…32° жылуу болот.
Пикир
Оставить комментарий