• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ӨКМ ашуулардагы жолдордо кар көчкү түшүү коркунучун эскертти

Коом 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына таянсак, 17-18-январь күндөрү күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Алар:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
  • Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
  • Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
  • Красная-Горка–Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий