• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда 3 айда 818 айыл чарба продукциясынын үлгүсүнө анализ жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда 3 айда 818 айыл чарба продукциясынын үлгүсүнө анализ жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, анализдер Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясында жүргүзүлдү. Мында Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен европа өндүрүшүндөгү газ хроматографы алынып келинген.

Ошентип, 3 ай ичинде жалпы 818 үлгү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, башкача айтканда бахча өсүмдүктөрү жана топурактын курамындагы хлорорганикалык пестициддердин калдыктарына химия-аналитикалык изилдөөлөр жүргүзүлдү.

"Бүгүнкү күндө департаменттин Борбордук адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясына республикалык бюджеттин эсебинен Россия өндүрүшүндөгү газ громатографы сатып алынып, орнотуу жана адистери окутуу иштери аяктады", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий