Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Боордош Казакстан өлкөсү менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп келет. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен болгон тар курамдагы сүйлөшүү учурунда билдирди.
Белгилей кетсек, коңшу мамлекеттин өкмөт башчысы Кыргызстанга бүгүн расмий сапары менен келген.
Абылгазиев белгилегендей, кыргыз-казак алакасы тийиштүү деңгээлде өнүгүп келет.
"Бул жылы биздин өлкөлөрдүн мамлекет башчылары эки жолугушуу өткөрдү. Анда алар достук, боордоштук принциптерин, өз ара кызматташууну бекемдөөгө даяр экендигин тастыкташты", - деди ал.
"Бүгүн сиз өзүңүздүн расмий сапарыңыз менен Кыргызстанга келип жатасыз. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, өкмөттөр аралык кеңештин отурумун өткөрүүдөбүз", - деди ал.
Ошондой эле өкмөт башчы, Казакстандын президентинин алдыдагы сапарын талкуулоого мүмкүндүк жаралганын айтып өттү.
"Биз алдыбызга чоң максаттарды коюп жатабыз – эки тараптын күн тартибиндеги актуалдуу маселелеринин алга жылышын камсыздоо. Ошондой эле учурдагы маселелерди чечкибиз келет. Эң маанилүүсү – бул мүмкүндүктү колдонуп Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин пландалып жаткан сапарын талкуулоо", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий