• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Адылбек Касымалиев Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышат

Коом 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышат.

Иш-чара 5-8-июнда Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт.

Маалымат үчүн: Петербург эл аралык экономикалык форуму (ПЭЭФ) - бул экономика жана бизнес дүйнөсүндөгү уникалдуу окуя. ПЭЭФ 1997-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат, ал эми 2006-жылдан тартып Россиянын президентинин катышуусу менен өткөрүлүп келет.

Ушул жылдар аралыгында форум бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы баарлашуу жана негизги экономикалык маселелерди талкуулоо үчүн алдыңкы дүйнөлүк аянтча болду.

Петербург эл аралык экономикалык форумунун программасынын алкагында жыл сайын ири көчмө иш-чаралар, ишкердик форумдар, бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн жолугушуулары өтүп турат.

Пикир

Оставить комментарий