Акылбек Жапаров Минск шаарында "Белагро-2024" көргөзмөсүнө катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров Беларустун Минск шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө ЕАЭБге катышуучу-өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен биргеликте "Белагро-2024" эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барды.

"Улуу таш" индустриалдык паркынын көргөзмө борборунда өтүп жаткан көргөзмөгө 10дон ашуун өлкөдөн 500дөн ашуун компания катышууда.

Көргөзмөдө Кыргызстандын 20га жакын компаниясынын агропродукциясы коюлган.

Көргөзмөнүн алкагында катышуучулар өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, мал чарбачылыгын жана канаттууларды өстүрүүнүн алдыңкы багыттары, продукцияны кайра иштетүүнүн, таңгактоонун жана сактоонун заманбап технологиялары, ошондой эле айыл чарба техникасынын ар түрдүүлүгү менен тааныша алышат.

Пикир

Оставить комментарий