Кыргызстан менен Азербайжан өлкөлөрүн жылуу мамилелер, руханий жана маданий чөйрө байланыштырып турат. Кыргызстанда 20 миңден ашык Азербайжан улутундагылар жашап келет. Ушул жылы дипломатиялык мамилелер орнотулганына 26 жыл толот.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджев ЭлТР телеканалына маек курду. Анда элчи эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер, кызматташтыктын келечеги жана мурунку жылы жай айында Чолпон-Ата шаарында өткөн мамлекет башчыларынын отурумунун жыйынтыгы туурасында кеп боду.
─ Азербайжан өлкөсү бир катар маселелер боюнча эки тараптуу мамилелерди илгерилетүүдө алгылыктуу иштерди жүргүзүп келүүдө. Ал эми, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусуна кандай баа бересиз?
─ Баарыбызга белгилүү болгондой Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Сөз башында өлкө жетекчилигине ыраазычылыгымды билдирип кетейин. Бул өлкөдө туура жана маңыздуу улуттук саясат жүрүүдө. Азыркы учурда мындай болушу маанилүү. Кыргыз эли толеранттуу жана аз улуттун өкүлдөрүнө урматтоо менен мамиле жасайт. Сиздерде 70%га чукул кыргыздар болсо, 30%ы башка улуттагылар, анын ичинде 1929-жылдан баштап өз өлкөлөрүнөн чыгарылган жарандар. Бир тууган Кыргызстан өлкөсүндө да көйгөйлөр болуп жатса, ага карабай биздин жердештерибизди өз туугандарындай кабыл алган. Алар бул өлкөнүн жараны болуп, мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келүүдө.
Сиз айткандай биздин өлкөлөр боордош жана эгемендүүлүктү алгандар бери бүт тармакта кызматташтыкты бекемдөөдө. Атап өтсөк, саясат тармагында, ошол эле гуманитардык, дипломатиялык жагы. Эки өлкө эл аралык уюмдарда бири-бирин колдоп келет. Көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө. Өзгөчө акыркы убактарда бардык тармакта кызматташтык өнүгүүнүн нугунда келе жатат. Туура бир жыл мурун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Азербайжандын президенттеринин жолугушуусу болуп өткөн. Ал жолугушуу эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берди. Жакында эле, 7-октябрда, эки өлкөнүн ортосундагы өкмөттөр аралык комиссиянын үчүнчү жолугушуусу өттү. Жолугушуудан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын өкүлчүлүгүнүн башчысын кабыл алды. Жемиштүү сүйлөшүүлөр болду. Азыркыга чейин чечилбеген маселелер мындан кийин өз нугунда жүрөт деп ойлойм. Бүгүнкү күндө биз бардык чөйрөдө кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүгүшүнө мүмкүн болгон аракеттерди жасап жатабыз.
─ Акыркы жылдары эки өлкө ортосунда көптөгөн иштер жана макулдашуулар түзүлүп, жакшы жетишкендиктерге жетти. Ал эми, сиз эки тараптуу кызматташуунун келечегин кандай элестетесиз?
─ Өтө жакшы өңүттө жүрөөрүнө ишенем. Биринчиден, гуманитардык жагында көптөгөн иштер жүргүзүлдү. Бул дагы маанилүү. Маселен, Бакуда мамлекеттик деңгээлде Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган маараке өтүп, андан кийин 90 жылдыгы да белгиленди. Кыргызстанды эске албаганда жазуучунун 85 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде бир гана Азербайжан өлкөсү белгиледи. Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата бир нече иш-чаралар өткөрүлдү. Илимдер академиясындагы конференциядан тарта анын урматына көргөзмө уюштурулуп, китептер басылып жана чоң майрамдык кечеге чейинки иш-чаралар өткөрүлдү. Кыргызстанда болсо Кара Караев, Рашид Беркуттун 100 жылдыгын белгилешти. Ошондой эле Муслим Магомаевдин жаркын элесине арналган гала-концерт болуп өткөн.
Жаштар арасында жана спорт тармагында да бир катар иш-чаралар өткөрүлгөнүн баса белгилегим келет. Азербайжан Улуттук көчмөндөр оюндарына активдүү катышууда.
Бирок биз дагы деле мүмкүнчүлүктөрдү толук колдонгон жокпуз. Айта кетсем экономика жаатында. Бул өткөн жылы мамлекет башчыларыбыз көтөрүп чыккан маанилүү маселе. Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында ушул тармагын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Бул тармакта эки өлкө толук мүмкүнчүлүктөрүн колдонгон эмес.
- Албетте, мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөөдө тышкы саясий ведомствонун ролу абдан чоң. Бул жылы КР тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгы белгиленип жатат. Бул мааракеге байланыштуу кыргызстандык кесиптештериңизге эмнелерди каалап кетет элеңиз?
- Бул Кыргызстандын жашоо-турмушундагы чоң окуя, аталган маараке биздин да майрам. Билесизби, биздин көп окшоштуктар бар. Алар бүгүн гана пайда болгон жок. Биздин тамырыбыз, маданиятыбыз, көз караштарыбыз, рухий баалуулуктарыбыз бир. Гейдар Алиев “Манас” биздин жалпы тилде жазылган деп айткан. Ал 1995-жылы “Манастын” 1000 жылдыгына катышканда мындай сөздөрдү айткан: “Манас”- бул кыргыз элинин чоң маданий дөөлөтү. Ал бүткүл адамзатынын жана дүйнө цивилизациясынын байлыгы. “Манас” - бүткүл түрк дүйнөсүнүн, түрк мамлекеттеринин жана ислам дүйнөсүнүн рухий мурасы. “Манас” азербайжан элине да таандык жана азербайжан эилинин да маданий байлыгы. “Манас” – бул баардык элдердин башаты”. Мен анын ушул сөздөрүн кайталагым келди. Менимче, бул саптар биздин эки тараптуу кызматташтыктын жана туугандыктын негизги тезиси болушу керек. Биздин боордош кыргыз элинин ар бир ийгилиги, майрамы – биздин да майрам. Кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, алар биздин да кыйынчылыктар. Мен дагы бир ирет белгилеп кетким келет, 75 жаш адамдын жана анын жашоо-турмушу үчүн гана эмес уюм, мекеме үчүн да жакшы жаш. Учурдан пайдаланып, кесиптештеримди бул мааракеси менен куттуктап, аларга ден соолук жана ийгиликтерди каалап кетким келет.
Мен Кыргызстандын көптөгөн дипломаттары менен таанышмын. Алардын арасында тажрыйбалуу дипломаттар абдан көп. Мен Кыргызстандагы дипломатия бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген профессионалдуу экендиги менен сыймыктанам. Алар КРнын өнүгүшүнө чоң салым кошуп келишет. Кыргызстандын президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин башкаруусу алдында баардык тармактарда өнүгүп жаткандыгына биз кубанычтабыз жана аны жогору баалайбыз. Кыргызстанда туруктуулук орноп, боордош өлкөдө демократиялаштыруу бир нукта жүрүп жатат. Бизди бул ийгиликтер кубандырат. Мында кыргыз дипломатиясынын ролу абдан чоң.
Пикир
Оставить комментарий