• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Online University: "Адеп-ахлак — өнүгүүнүн өзөгү" аттуу вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Burana STEAM College жана Online University бала тарбиялоо боюнча лекция, семинар, талкуу, вебинар, мастер-класс жана воркшоптордун сериясын баштады.

Алгачкы бет ачар вебинар-талкууну Германияда эмгектенген жаш илимпоз, антропология илимдеринин доктору Бактыгүл Тулебаева өтөт. Вебинар 14-декабрда саат 14:00дө башталат.

“Бүгүнкү өнүккөн технологиялардын доорунда, маалыматтын тездик менен тарап, анын көптүгүнөн баш айланган заманда коомчулугубуз дагы бир жолу тарбия, адеп-ахлак маселесин кайрадан карап чыгып, келечек муунду тарбиялоонун жолдорун жаңылап иштеп чыгуу зарылчылыгы туулуп турат. Миграциядан улам чачыранды болгон үй-бүлөлөлөрдүн көбөйүшү, балдарга карата күчөгөн зомбулук, мектепте өспүрүмдөр арасында кездешип жаткан рэкетчилик, ата-эне менен баланын, мугалим менен окуучунун арасын алыстаткан жагдайлар жаша башка ушул сыяктуу көптөгөн маселелер балдарды тарбиялоо көйгөйү бүгүн канчалык курч тургандыгын көрсөтөт. Кээ бирлер бул маселени чечүүнүн жолун динден көрсө, башкалар салттуу маданияттыбыздагы бабаларыбыз колдонгон тарбия жоболорун кайра жандандыруу керек дешет. Дагы бирөөлөр тарбия иштерин жаңы заман талаптарына ылайыктап, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү керектигин белгилешет. Онлайн университети эч кимди кайдыгер калтырбаган ушул тарбия маселесине арнап, талкуулардын жана лекциялардын сериясын баштап жатат. Ал талкуулардын алкагында окумуштуулар, эксперттер, ата-энелер, журналисттер, мугалимдер, маданият кызматкерлери, коомдук активисттер өз пикирлери менен бөлүшүп, коомчулуктун көңүлүн ушул маселеге бурмакчы”, - деди Онлайн университетинин негиздөөчүсү Элира Турдубаева.

Эске салсак, Burana STEAM College жана Online University мектеп мугалимдери менен ЖОЖ окутуучуларына квалификацияны жогорулатуу курстарын жана билим берүүдөгү актуалдуу маселелер боюнча талкууларды өткөрүп, билим берүүдөгү көйгөйлөрдү изилдеп келет.

Байланыш номерлер: +996 995 95 07 07, 505 07 95 07.

Пикир

Оставить комментарий