• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэри шаардык транспорттун ишине нааразы

Коом 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардык кызматтардын жана структуралык бөлүмдөрдүн башчылары менен кеңешме өткөрдү. Бул туурасында шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде 2020-жылдын иш-планы талкууланды.

Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев 2020-жылы шаардын бюджети биринчи жолу 10 миллиард сомго жетерин билдирди.

"Бул жылы Бишкекте жарандык демилгелерди ишке ашырууга багытталган пилоттук долбоор башталат. Анда шаардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган долбоорун сунуштаган жарандарга каржылык колдоо көрсөтүлөт. Мындан ары салыктык жана салыктык эмес кирешелер, чыгашалар, сатып алуулар, электрондук аукциондор боюнча иштелип жаткан каражаттар ачык-айкын көрсөтүлөт", — деди вице-мэр.

Ал эми курулуш жана архитектура маселелери боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиев быйыл 63 билим берүү мекемеси, 9 саламаттык сактоо, 7 маданий жана башка 60 социалдык негиздеги имарат капиталдык ремонттон өтө турганын белгиледи. Мындан тышкары, ал мектептерде, бала бакчаларда кошумча имараттар, ошондой жаңы медициналык мекемелер жана жолдор куруларын кошумчалады.

Суракматов социалдык саясат боюнча вице-мэр Татьяна Кузнецовага шаардын сациалдык мекемелеринде жана билим берүү системасында реформаларды жүргүзүүнү тапшырды. Шаар башчы социалдык чөйрөдө өзгөрүүлөргө муктаждыкты баса белгиледи.

Транспорт жана жер саясатын көзөмөлдөгөн вице-мэр Азиз Алымкулов Европа, Түркия жана Россиянын тажрыйбасын үйрөнүп келген кызматкерлер "Бишкек асфальт сервис" ишканасынын цехинде жол чырактарды жасоого даяр экендигин билдирди.Анын айтымында, муну менен бюджеттен 50 пайыз акча үнөмдөлөт.

2020-жылы тартып жер тилкелерин жөн гана конкурс аркылуу эмес, электрондук аукцион менен берүү пландалууда. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары документти жактырса, ал ишке кирет.

Мэр шаардык транспорт башкармалыгынын ишине нааразычылык билдирди. Анткени, социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында шаардык автобус, троллейбус жана маршруттук таксилердин ишине арызданышууда. Аларга ишинин ыгын жана багыттарын өзгөртүүнү тапшырды.

Ошондой эле шаар мэри февралга чейин жер тилкелерин жана муниципалдык мүлктөрдү текшерүүнү аягына чыгаруу зарылдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий