• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Азия оюндары: Кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова коло медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 05.10.23./Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында жеңил атлетика, анын ичинде марафон боюнча жарыштар өттү.

Кыздар арасында марафон дициплинасында кыргызстандык Сардана Трофимова коло байгеге ээ болду.

Спортчу 2:28:41 убактысы менен келип, 17 спортчунун арасында 3-орунга ээ болду.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий