• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Баткенде алдыңкы мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Баткенде алдыңкы мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарага облус аймагынан 150 мугалим чакырылды.

Майрам ээлерин Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев куттуктап, алдыңкы мугалимдерге сыйлыктарды тапшырды.

Облус башчысы өз сөзүндө “мугалимдер-учур талабына жараша ой жүгүртүп, заман агымына шайкеш билим берүү менен катар, элибиздин улуттук баалуулуктарын сактоого да өзгөчө маани берип келесиздер. Андыктан бүт дараметин балдарга арнаган чебер окутуучулар көп экени сыймыкка бөлөйт.

Ар бир баланын пайдубалын түптөгөн улуу касиетиңиздерден жазбаңыздар.

Билим берүү тармагы өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты катары кала берет.

Мугалимдерди колдоо улана берет” деп белгиледи.

Бул күнү мугалимдерге бир катар мамлекеттик жергиликтүү бийлик органдарынын,тийиштүү министрликтердин сыйлыктары, белектер тапшырылып, концерттик программа тартууланды.

Учурда облус аймагында 258 мектепте 117миң 582 окуучуга 8470 мугалим берип келет.

Пикир

Оставить комментарий