• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Баткенде жарандарга өрт коопсуздугунун эрежелери эскертилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Абанын температурасы кескин төмөндөп, имарат жана турак жайларды жылытууда коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгын Баткен району боюнча ӨКМдин кызматкерлери эскертүү иштерин жүргүзүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, №106 ӨККБ кызматкерлери Бужум айылында ар бир турак үй ээси менен жолугушуп, электр зымдарын туташтырууда, жылытуу приборлорун пайдаланууда жана меш жагууда коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жургүзүштү.

Ушундай эле маанидеги профилактикалык иш-чаралар Көк-Таш чек ара бөлүгүнүн өздүк курамына да өткөрүлдү.

Мындан сырткары, №31 ӨККБнүн офицерлери Самаркандек айылында да өрттүн алдын алуудагы негизги эрежелер боюнча нускама өтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Пикир

Оставить комментарий