• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарынын вице-мэри калаа тургундарын санитардык эрежелерди сактоого чакырды

Аймак 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Бүгүн онлайн брифинг учурунда Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев калаа тургундарын санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Ал Ош шаарында эпидемиологиялык абал турукташканын билдирип, ошол эле убакта оору артка чегине электигин эскертти.

"Илдетти жеңдик деп айтууга болбойт. Күнүгө жаңы учурлар катталып жатат. Шаар тургундарына санитардык эрежелерди сактаңыздар деп кайрылып кетет элем. Эпидемиологиялык абал кыйла жеңилдеди, оору жоюлду деп биздин жарандарыбыз борбордук базарларда, коомдук транспортто санитардык талаптарды аткарбай, беткап тагынбай жатышат. Ошол эле учурда той-аштарын кайра жанданткан учурлар бар. Бүгүнкү күнү той-аштарга, жылдыктарга урусат берилген эмес, тыюу салынган. Андыктан эгер ошондой фактылар аныкталса, той өткөргөн жарандарга жана той өткөн кафе-ресторандардын ээсине чара көрүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий