• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Базар-Коргондо окуучулар арасында спорттук иш-чаралар уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан 14-февралыначейин Базар-Коргон районунун аймагында мектеп окуучуларынын арасында бир катар спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.

Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришкендей, таймаштар Базар-Коргон райондук милициясы тарабынан уюштурулуп, кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган.

Спорттук иш-чаралар Базар-Коргон шаарындагы Ж.Бөкөнбаев интернатында, Кеңеш айыл аймагындагы А.Абдрахманов орто мектебинде жана Бешик-Жон айыл аймагында жайгашкан мектептер арасында уюштурулду.

Мектеп окуучулары спорттун волейбол, кол күрөш, аркан тартыш, аралыкка чуркоо жана башка бир катар түрлөрү боюнча күч сынашты. Аларга калыстар тобу тарабынан баалар коюлуп, спорттогу мыктылар тандалды.

Жеңүүчүлөргө Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кубок, ардак грамоталар, баалуу белектер тапшырылды.

Өз кезегинде, мектеп мугалимдери жана окуучулар кылмыштуулукка каршы спорттук мелдеш уюштургандыгы үчүн милицияга ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий