• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жалал-Абаддагы "Телтору" ат майданында жалпы ишембиликке миңден ашык адам катышты

Аймак 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облусунун бардык аймактарында массалык ишембилик өтүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында Сузак районунундагы "Телтору" ат майданында миңден ашуун адамдын катышуусундагы массалык ишембилик уюштурулду.

Иш-чарага президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук, Сузак районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканалардын жамааттары жана студенттер катышты.

Облус башчысы ишембилик президенттин жарлыгына ылайык өткөрүлүп жатканын айтып, Жалал-Абад облусунун бардык аймактарында айлана-чөйрөнү иретке келтирүү боюнча тийиштүү иш-аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 9-май Жеңиш күнүнө карата "Телтору" ат майданында көк бөрү боюнча республикалык мелдеш өткөрүү пландалган. Ага карата ат майданда оңдоп-түзөө жумуштары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий