• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бажы кызматкерлери 2 тонна катылган кондитердик азыктарды аныктады

Коом 0

Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген 2 тонна катылган кондитердик азыктар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылаык, "Түндүк-Чыгыш" бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кытайдан "Кыргызмебель" БТЖ жана "Х" ЖЧКнын дарегине жалпы салмагы 29 тонна 290 кг түзгөн түрдүү түстөгү жемиштер жана папаи жемиштери кондитердик азыктары келген. Бирок, бажы текшерүүнүн жүрүшүндө 2 тонна кг "Желе" түрүндөгү декларацияланбаган кондитердик азыктар аныкталган.

Мындан улам мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыян 190 миң 944 сомду түздү.

Аталган факты каттоого алынып, чогултулган материалдар КР мыйзамдарынын алкагында кароого жана процесстик чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий