• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Манас” аэропорту жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын куттуктады

Коом 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропорту” ААКы 2001-жылдан бери көмөк көрсөтүп келген, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Салт боюнча жаңы жылдык балаты 2021-жылдын 27-декабрында Лебединовка айылындагы И.Айдарбеков атындагы №1 мектеп-гимназиясынын залында өтүп, ага 129 жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышты. Жаңы жылдык балатыда Аяз ата, Аяз кыз жана кар кишинин образын жараткан сахналаштырылган майрамдык концерт уюштурулду.

Өз кезегинде, “МЭА” ААКнын өкүлдөрү балдарга бекем ден соолук жана окууларына ийгилик каалап өтүштү.

Майрамдык концерттин аягында “Манас” эл аралык аэропортунун атынан балдарга белектер таратылды.

Пикир

Оставить комментарий