Билим берүү министри үч райондун 11-классынын окуучулары менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 05.05.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев күн мурун Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Ысык-Көл облусунун Түп районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун 11-классынын 35 окуучусу менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Министр бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырып алууларын каалап, туура кесип тандоо баарынан маанилүү экендигин белгиледи.

“Азыр санариптешкен доордо маалыматтык технологиялар багытын өздөштүрүү – учурдун талабы. Кыргызстанда жашап, эл аралык компанияларда иштеген кыргызстандыктар бар. Алар бул деңгээлге күжүрмөн эмгек жана тынымсыз изденүүнүн артынан жетишти. Мен дагы силердин билимдүү, кесипкөй, креативдүү адистерден болушуңарды каалайм. Азыр мүмкүнчүлүктөрдүн заманы, максатты чоң коюп, өзүңөргө ишенгиле”, - деди министр.

Окуучулар министрге суроолорду берип, сунуштарын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий