Бир мандаттуу үч шайлоо округунда сырттан добуш берүү жүрүүдө – БШК

Коом 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 29-июнда бир мандаттуу үч шайлоо округунда шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүү жүрүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн алуу өтүнүчү менен 993 арыз түшкөн.

Белгиленгендей, алардын арасында улгайгандар, майыптыгы барлар жана ооруп жаткандыгына байланыштуу шайлоо тилкесине келе албагандар бар.

Ага ылайык, арыз менен кайрылган жарандар шайлоого бир күн калганда саат 08:00дөн 20:00гө чейин добуш бере алышат.

Пикир

Оставить комментарий