• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Манас” университетинин деканы: Президенттин сыйлыгы – натыйжалуу иштөөгө шык берет

Коом 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу бир катар жарандарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.

III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорт илимдери факультетинин деканы Канат Жанузаков өлкө башчынын сыйлыктары Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуп келген адамдарга берилгенин белгилейт.

“Сыйлыкка татыктуу болгон адамдардын тизмесинде көптөгөн тажрыйбага ээ Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, Камчыбек Ташиев, маркум Болотбек Шамшиев жана башкалар бар. Тизмеге жаш адистерден баштап эмгеги сиңген адамдар кирген. Мындай сыйлык мугалим, окумуштуу, медик, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине берилгени кубандырат. Анткени бул адамдар күнү-түнү кызматта болуп келет. Президенттин сыйлыгы – натыйжалуу иштөөгө шык жана түрткү берет деп ишенем”, - дейт ал.

Жанузаков өмүр бою спорт жана дене тарбия тармагында иштеп келгенин айтат.

“Эмгегимди жогору баалагандыгы үчүн президентке ыраазычылык билдирем. Өзүмдүн жамаатыма, окуу кеңешине демилгеси жана эмгекти баалай билгендиги үчүн аларга да ыраазычылык билдиргим келет. Бул менин гана эмес, бүт университетибиздин сыйлыгы. Мамлекетибиздин ар тараптуу өнүгүүсү үчүн талыкпай эмгектене беребиз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий