• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкек – Москва поезд каттамы 18-декабрдан тартып жанданат

Коом 0

Бишкек, 09.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Бишкек-Москва багыты боюнча темир жол каттамы 18-декабрдан тартып жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, аталган багыт боюнча өзүбүздүн вагондор каттайт жана билеттин баасына учактагыдай арзандатуулар каралган.

“Мисалы 45 күнгө чейин билетти алдын ала сатып алууда 20 пайыздык арзандатуу берилет, 31 күнгө чейин 15 пайыз, ал эми тез арада же бир жуманын ичиндеги билетти сатып алууда арзандатуу 5 пайызды түзөт. Билеттин баасы плацкарт вагонго 17 миң сом, ал эми купе вагонго 22 миң 725 сомдон жогору”,- деди Дастан Усубакунов.

Белгилей кетсек, вагондор бардык талаптарга, эл аралык стандартка жооп берет. Каттам боюнча поезд мурда Казань вокзалына барса, бүгүнкү күндө Павелецкий вокзалына 3 күндүк убакытта барат. Бишкек-Москва багыты боюнча билеттерди вокзалдын кассасынан жана онлайн түрдө сатып алса болот.

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын социалдык тармактардагы расмий баракчасында маалымдалгандай, аталган каттам боюнча поезд Бишкектен шаршемби жана ишемби күндөрү чыгып, Москвага ишемби жана шейшемби күндөрү жетет. Ал эми Москвадан поезд жекшемби жана шаршемби күндөрү чыгып, Бишкекке шаршемби жана ишемби күндөрү келет.

Пикир

Оставить комментарий